Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстан Башкырстанды жеңди


5-сентябрда экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча тайпалык беттештердин экинчи турунда Кыргызстандын командасы Башкырстандын оюнчулары менен беттешип, 26:5 эсебинде жеңип алышты. Оюн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Экинчи турга белгиленген Түркия менен Ооганстан командаларынын оюну түркиялыктардын келбей калгандыгына байланыштуу болбой калды.

Жалпысынан көк бөрүгө А жана Б топторуна бөлүнгөн сегиз команда катышууда. Чүчүкулак кармоонун жыйынтыгында, "А" тобуна АКШ, Кытай, Казакстан жана Орусиянын Красноярск шаарынан келген топтор кирген. "Б" тобунда Кыргызстан, Түркия, Башкырстан жана Ооганстандан келген көк бөрүчүлөр бар.

Бүгүн түшкө чейинки болгон беттештерде АКШ менен Кытай командалары ойноп, 4:20 эсебинде кытайлык оюнчулар жеңди. Орусиянын Красноярск аймагы менен Казакстандын командаларынын беттеши 15:2 эсебинде казак улакчылардын пайдасына аяктады.

Эртең, 6-сентябрда Красноярск менен Кытай, АКШ менен Казакстан, Кыргызстан менен Ооганстан, Түркия менен Башкырстан беттешери белгиленген.

XS
SM
MD
LG