Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Казакстан: Кыргыз жараны баштаган топ 11-сентябрдагыдай теракт уюштурууну көздөгөн


Нью-Йорк, 11-сентябрь, 2001-жыл
Нью-Йорк, 11-сентябрь, 2001-жыл

Казакстанда кыргыз жараны баштаган куралчан топ кармалды, алар учакты ээлеп алып, АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында жасалгандай теракт уюштурууну көздөп жаткан. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук штабынын өкүлү Сакен Мынбаев билдирди.

Анын айтымында, радикал топтун мүчөсү деп шектелген төрт адам быйыл 18-августта Алматы облусунун Иргели айылында колго түшүрүлгөн. Алар аскердик бөлүктөргө, күч структураларына жана муфтиятка чабуул жасаганы жаткан деп шектелүүдө.

"18-августта Кыргызстан жараны жана жалпы кылмыштар үчүн соттолгон биздин 2 жаран кармалды. Алар кыргыз жаранын башчы кылып дайындап алышкан. Бири өзүн өзү жардырууну көздөгөн. Талдыкоргон аэропортун изилдеп, жарандык же аскердик учакты ээлеп, АКШдагыдай теракт уюштурууну көздөгөн" деди Мынбаев.

Учурда кармалгандарга карата "терроризмди жайылтуу", террордук топту түзүү жана анын ишине катышуу" беренелери боюнча кылмыш иш козголду. (RK)

XS
SM
MD
LG