Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Курман айт майрамына байланыштуу 12-сентябрды дем алыш деп жарыялады. Тийиштүү чечим Эмгек кодексинин эрежелерине шайкеш кабыл алынган.
Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.
Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.