Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Эрдоган: Түркия менен АКШ Ракканы согушкерлерден бошотууга даяр


Сирия.
Сирия.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү АКШ менен биргеликте “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерин Сириянын Ракка шаарынан сүрүп чыгарууга даяр экенин жарыялады. Бул шаарды эсктремисттер “Ислам мамлекети” тобунун борбору катары көрүшөт.

Эрдогандын айтымында, террорчуларга каршы чогуу күрөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу АКШ президенти “Чоң жыйырманын” Кытайда өткөн саммитиндеги жолугушууда сөз кылган. Түрк лидери эки өлкөнүн аскердик жетекчилери чогулуп, кандай күрөш жүргүзөрүн талкуулашы керек деген пикирде. Расмий Вашингтон азырынча буга комментарий бере элек. Түркия өткөн айда Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна жана күрт козголоңчуларына каршы аскердик операцияларын баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG