Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Орусияда "кызыл дарыялардын" сыры изилденет


Далдыкан суусу
Далдыкан суусу

Орусиянын экологияны коргоо мекемелери Красноярсктагы дарыялардын кызыл түскө боёлушун иликтей баштады.

Кечээ интернетте социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Норильсктеги Далдыкан жана Купец дарыяларында кызыл суу агып жатканын жазып, сүрөттөрүн коюшкан.

"Кооз көрүнгөнү менен өтө кооптуу" деп жазышты айрымдар.

Адистер "Норильский никель" компаниясынын курамындагы Надеждинск металлургиялык заводунан чыккан уу таштанды дарыянын суусун булгаган болушу ыктымал деп жатат.

Өткөн айда Орусиянын жаратылыш ресурстары жана экология министри Сергей Донской Норильск өлкөдөгү эң булганч тогуз шаардын катарына кирерин билдирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG