Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Пентагон: Талибдердин колундагы эки профессор бошотула элек


Америкалык аскерлердин Ооганстанда талибдер кармап кеткен эки адамды куткаруу операциясы натыйжа берген жок. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Питер Кук билдирди.

Куктун айтымында, операция өткөн айда Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында өткөрүлгөн, бирок изделгендер ал жакта жок болуп чыкты.

Барымтадагы эки адамдын бири америкалык, экинчиси австралиялык жаран экени маалым. Алар Кабулдагы Америка университетинин профессору, талибдер 7-августта кармап кеткен бойдон дайынсыз.

Пентагондун маалыматына караганда, АКШ президенти Барак Обаманын санкциясы боюнча өткөрүлгөн атайын операция маалында америкалык аскерлер жабыркаган жок.

Кабулдагы университетке кол салуу болгондо талибдердин огунан 12 адам мерт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG