Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Дайырбек Орунбеков президентке байланыштуу иш боюнча Жогорку Сотко кайрылды


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Журналист Дайырбек Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевге 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген сот чечимдерине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу Орунбеков өзү журналисттерге маалымдады.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту жогорудагы чечимди чыгарып, андан кийин Чүй облустук соту да аны канааттандырган.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Башкы прокуратура макалада айтылгандар “президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген” деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке 2 миллион сомдук доо коюлган. Орунбеков июндан тарта аны төлөй баштаган.

Негизинен оппозициялык маанайдагы макалалар жарыяланып келген Maalymat.kg сайты быйыл июлда жабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG