Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Мирзиёев: Өзбекстан бир да аскерий альянска мүчө болбойт


Өзбекстан бир да аскерий альянска мүчө болбойт деген турумун улантат. Бул тууралуу өлкө президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган премьер-министр Шавкат Мирзиёев 8-сентябрда парламенттин жыйынында сүйлөп жатып айтканын бүгүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

- Биз мурдагыдай эле бир да аскерий-саясий блокко кошулбайбыз, башка өлкөлөрдүн аскерий базасын жана башка объектин өзүбүздө жайгаштырбайбыз жана аскерлерибиздин тыш жакта кызмат өтөөсүнө жол бербейбиз деген позициябызды бекем карманабыз, - деди Мирзиёев.

Ал ошондой эле "кайсы бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнүн эгемендиги менен көз карандысыздыгын бузууга аракет жасай турган болсо эң катуу сокку аларын" да кошумчалады.

Ушундай турумду карманып келген Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. (RK)

XS
SM
MD
LG