Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Орусия БШКсы ПАРНАС партиясын шайлоодон четтетүүгө каршы


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думага шайлоодон ПАРНАС партиясын четтетүү талабын колдобойт.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Элла Памфилова билдирди. Анын айтымында, шайлоо комиссиясы каттоодон өткөн бардык партиялардын 18-сентябрдагы шайлоого катышуусуна шарт түзөт.

Буга чейин "Жарандык платформа" партиясы Орусиянын Жогорку Сотуна оппозициячыл ПАРНАС партиясын шайлоодон четтетүү өтүнүчүн келтирген. Алар ПАРНАСтын лидери Михаил Касьяновду экстремисттик билдирүүлөрдү жасаган деп айыптоодо. Бул боюнча соттук отурум 12-сентябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG