Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Парламент комитети Маданият министрине Казаковдун талапкерлигин жактырды


Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Маданият министрлигине Түгөлбай Казаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты

27-июлда президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду кызматтан бошоткон. Анын милдетин аткаруучу болуп Казаков дайындалган. Ал кызматына бекиш үчүн парламенттин тиешелүү комитеттери талапкерлигин жактырышы керек.

Түгөлбай Казаков коомдук ишмер, композитор жана публицист катары таанымал.(UEz)

XS
SM
MD
LG