Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

Клинтон: Оорумду жашырган эмесмин


АКШ президенттигине демократтардан талапкер Хиллари Клинтон өз саламаттыгына байланыштуу пикирин билдирди. Анын айтымында, жекшембиде аз-маз башы айланып, чалыштай түшкөнү менен эсин жоготкон эмес.

Эми өзүн кыйла жакшы сезип турганын дүйшөмбүдө CNN телеканалы аркылуу айтты.

Окуя Нью-Йоркто, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт курмандыктарын эскерүү учурунда болгон. Бул эл арасында Клинтондун саламаттыгы начар экени, ал оорусун жашырып жүргөнү тууралуу имиштерди жана президенттик жарыштан чыгып-чыкпоосу тууралуу күдүк кептерди жараткан.

“Мен эч нерсе жашырган эмесмин. Болгону өпкөнүн сезгенүүсү ушунча ушак-айың чыгарары башыма да келбептир. Азыр толук өзүмө келип, мүмкүн болушунча кыска аралыкта кайра үгүт өнөктүгүнө аралашуу башкы каалоом”, - деди Клинтон.

Ал оорусу тууралуу коомчулукка маалымат берилип турганын да айтты.

Ошондой эле ал дарыгерлердин жума күнү эле беш күнчө эс алуу керек деген сунушун укпай койгонун да кошумчалады.

Анын республикачы атаандашы Дональ Трамп Клинтондун айыгып, алдыдагы дебаттарга кайтып келишине үмүт артып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG