Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленди


Өзбекстан парламенти.
Өзбекстан парламенти.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Талапкерлердин арызын кабыл алуу 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.

Өзбекстандын парламент палаталарынын 8-сентябрдагы жыйынында президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиёев дайындалган. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент өз милдеттерин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары парламенттин жогорку палатасынын төрагасына жүктөлөт. Бирок сенаттын төрагасы Нигматилла Юлдашев тажрыйбасы жоктугун билдирип, президенттин милдетин аткаруучу кызматка Мирзиёевдин талапкерлигин сунуштаган.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салып, 3-сентябрда Самарканда жерге берилген.

XS
SM
MD
LG