Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Юнкер: Брекситке карабай Европа Биримдигинин келечегине коркунуч жок


Жан-Клод Юнкер
Жан-Клод Юнкер

Бул тууралуу 14-сентябрда Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Страсбургда Европарламентте жасаган жылдык кайрылуусунда айтты. “Биз Улуу Британиянын чечимине өкүнөбүз, бирок аны урматтайбыз. Буга карабай Европа Биримдигине эч кандай коркунуч жок” деди Жан-Клод Юнкер.

Ал ошондой эле Британиянын чыгуусу ылдам ишке ашып, мамиле жаңы формага ээ болуп, достук мүнөздө кала бериш керек деди. Эгерде Британия 500 миллион калкы бар биримдиктин базарына эркин кирүүнү сактап калгысы келсе, анда ал биримдиктин адамдардын эркин өтүп жүрүүсүн камсыздаган принцибин кабыл алыш керек деди Юнкер.

Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мей Европа Биримдигинен чыгуу боюнча расмий сүйлөшүүлөр 2017-жылга чейин башталбасын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG