Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Токтогулда жол тоскон аялдар административдик жазага тартылды


Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл аймагында алтын казууга лицензия алган “Кассана Минералс” компаниясынын унаасын жолдон тосуп, 2 сааттан ашык кармап турган жергиликтүү 7 аял административдик жазага тартылышты. Райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рысбек Аширалиев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Административдик кодекстин 364-беренесине ылайык, 3 аялга 300 сомдон айып пул салынып, төртөө эскертүү алышты. Чечимди райондук сот чыгарды.

Август айынын этегинде Кара-Күнгөй айылынын тургундары жол тосуп, компаниянын техникаларын кенге өткөрбөй коюшкан.

“Кассана Минералс” компаниясы 18 гектар жердеги 69 кило алтынды казуу үчүн 2006-жылы лицензия алган. Чалгындоо иштери жүргөнү менен өткөн жылдан бери элдин каршылыгынан улам иш башталбай турат.

Тургундар алтын казган аймакта уран заты бар экенин, кен иштетилсе калктын саламаттыгына зыян тийгизерин айтып келатышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG