Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Ошто маданиятка арналган эл аралык жыйын өтүүдө


Ошто өтүп жаткан форум. 2016-жыл, 15-сентябрь.
Ошто өтүп жаткан форум. 2016-жыл, 15-сентябрь.

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн ондон ашуун мамлекеттин маданият өкүлдөрү катышкан форум башталды. Жыйын «Улуу Жибек жолундагы баарлашуу: Биримдик жана жаратмандык» деп аталат.

Эки күндүк иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Орусия, Кытай, Жапония, Франция, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Улуу Британиядан белгилүү окумуштуулар, маданият, адабият, кино ишмерлери, философтор, саясатчылар, теологдор, журналисттер жана тарыхчылар келишкен.

Форумдун башкы максаты – эл аралык маданий мейкиндикти кеңейтүү, диалогду күчөтүү болуп саналат. Аны кыргыз тараптан Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мамлекеттик дирекциясы, Ош мамлекеттик университети жана Казакстандагы Мухтар Ауэзов атындагы коомдук фонду уюштурган.

XS
SM
MD
LG