Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Президенттер Атамбаевди туулган күнү менен куттукташууда


Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Путин “Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү, аймактык жана эл аралык иштерде конструктивдүү ролду ойногон өлкөгө айланды” деп белгилейт. Ошондой эле орус президенти Кыргызстандын мамлекет башчысын “эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш болуусуна, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө кошкон салымына” баа берген.

Путин Атамбаевге "бекем ден соолук, бакыт жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди" каалаган.

Ушундай эле каалоолор менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да кыргыз президентин 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Казак президентинин куттуктоо телеграммасында Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу алдында Астана менен Бишкектин достугу жана кызматташтыгы дагы да бекемделүүсүнө ишенери айтылган.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG