Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Барак Обама Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады


АКШ президентинин куттуктоосунда “Мен элиӊизди өнүктүрүп жана гүлдөтүү менен артыӊызга бекем демократиялык мурас калтыруу аракетиӊизди, ошондой эле Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерин бекемдөө кадамдарыӊызды баалайм. Кыргызстандын Борбор Азиядагы демократиялык лидерлик орду аны ырастап турат” деп айтылат. Ошондой эле Барак Обама cоңку 25 жылда АКШ менен Кыргызстан тереӊ жана түбөлүк шериктештикке негиз салды деп белгилеп, мындан ары бул мамиле өсүү жолунда болоруна ишеничин билдирген.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 17-сентябрдагы туулган күнүнө жана 60 жылдык мааракесине куттуктоолор башка өлкөлөрдүн президенттеринен да келүүдө. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Атамбаевди туулган күнү менен Азербайжан, Беларус, Кытай, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары куттукташты. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо Атамбаевге Александр Невскийдин орденин тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен социалдык тармактардын колдонуучулары да куттуктап жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG