Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады


Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеёв. 23-июнь, Ташкен.
Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеёв. 23-июнь, Ташкен.

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен телефондон куттуктады. Ал Атамбаевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер жарала беришин каалады.

Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамилесинин абалы жана келечеги тууралуу сүйлөштү.

Президент Алмазбек Атамбаевди 17-сентябрдагы туулган күнү менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да телефондон куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалаган. Ал эми орус президенти Владимир Путин кечээ Бишкектеги жолугушууда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Александр Невский орденин тапшырган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-сентябрда 60 жашка чыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG