Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодон чыгып кетти


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти.

Бул тууралуу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүндө кыргыз тарапка расмий кабарланды.

Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияга 20 чакты милиция кызматкерлерин 22-августта эртең менен тик учак менен таштап кетишкен. Ошондон бери алар тоодо турушкан.

Өзбек милициясы ошондой эле телемунарада иштеген кыргызстандык төрт жаранды “бөтөн аймакта мыйзамсыз иштеп жүрөт” деген жүйө менен 22-августта кармап, өз аймагына алып кирип кеткен. Аларды Өзбекстан дээрлик 15 күндөн кийин, 8-сентябрда түнкү саат 12ге жакын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берген болчу.

Үңкүр-Тоо: бошотулгандар үйүнө келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Бейрасмий маалымат боюнча, буга чейинки эки тараптуу өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө Өзбекстан Кыргызстанга Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүргөн жерин кайтарган аскерлерин мөөнөт-мөөнөт менен эч тоскоолдуксуз алмаштырып, маал-маалы менен тамак-аш жеткирип туруу тууралуу шарт коюп жаткан. Кыргыз тарап бул шартка көнүп-көнбөгөнү азырынча белгисиз.

Ошентип, расмий маалыматка ишенсек, өзбек тарап Үңкүр-Тоону дээрлик бир айга жакын убакыттан кийин таштап кетти. Бул аралыкта Өзбекстанды 27 жыл башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салып, 3-сентябрда Самаркандда жерге берилди.

Анын тажиясына кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация катышып келген.

Учурда Өзбекстан президентинин милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиёев аткарууда.

Мирзиёев кечээ, 17-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү, 60 жашка чыгышы менен телефондон куттуктады. Ал Атамбаевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалаган. Мындан тышкары эки лидер кыргыз-өзбек мамилесинин азыркы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн.

Ал эми 16-сентябрда Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитине Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышкан.

Үңкүр-Тоо телемунарасы

Кыргызстандын Байланыш агенттигинин буга чейин берген маалыматына караганда, Үңкүр-Тоо аймагында РРС-24 «Кербен» станциясы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Станцияда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программалары берилет. Мындан улам Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыш менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле уюлдук операторлорунун радиоэлектрондук каражаттары ушул станцияга орнотулган жана алар Жалал-Абад облусунун айылдарын мобилдик байланыш менен камсыз кылат.

«Кербен» станциясы иштебей калса, аталган райондордо телерадиоберүү программалары берилбей калат жана уюлдук байланыш токтойт. Ошондой эле ушул станция аркылуу өткөн шаар аралык, эл аралык байланыш каналдары үзүлөт.

Телерадиоберүү сигналдары Өзбекстанга атайын багытталбаганы менен, радиотолкундардын таралышынын өзгөчөлүгүнө жараша сигналдар жалпы Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG