Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Нью-Йорктун мэри жардырууну “алдын ала ойлонулган иш” деп атады


Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио Манхеттендеги жардырууну “алдын ала ойлонуп жасалган иш” деп атады. 17-сентябрда Манехэттендин Челси районунда болгон жардыруудан 29 киши ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Билл де Блазио окуяны “теракт” деп атаган жок. Колго жасалган заттын жардыруусунан көп өтпөй полиция кызматкерлери окуя болгон жерден төрт квартал алыстыктагы аймактан дагы бир шектүү зат табышып, анализге жөнөтүштү. Нью-Йорктун мэринин айтымында, азырынча окуяны террорчулук менен байланыштырган эч кандай далил жок.

Associated Press агенттиги күбөлөрдүн бирине шилтеме берип экинчи жардыруучу зат зымдар менен уюлдук телефон жабыштырылган, тамакты тез бышыруучу казан болгонун жазды. Дал ушундай заттар 2013-жылы Бостон марафонунда болгон жардырууда да колдонулган.

Мэр Манхэттендеги жардыруунун 17-сентябрдын таңында Нью-Жерсиде болгон жардыруу менен эч байланышы жоктугун кошумчалады. Нью-Жерсидеги колго жасалган жардыруучу зат марафон маалында жардырылган. Ал жакта жабыркагандар катталган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG