Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Үч жашар Исхакка күбөлүк берилет


Өткөн апта соңунда чаңдын үстүнө картон кагаз салып, уктап жаткан наристенин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга алынган.
Өткөн апта соңунда чаңдын үстүнө картон кагаз салып, уктап жаткан наристенин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга алынган.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева картон кагазда уктап жаткан сүрөтү интернетке чыгып, кызуу талкууга түшкөн үч жашар Исхакка туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүнү Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, баланын энеси, төрт балалуу Зулфия Үсөнова турмуштан кыйналып жашаганы, эң кенжеси бир айлык экени, жолдошу каражат табуу үчүн үй-бүлөсүн таштап, иштегени кеткени аныкталган. Ал эми Үсөнованын өзүнүн паспорту да жок жүргөн. Бул маселелерди чечүү жана балдарга жөлөк пул бөлүү, бала бакчаларга жайгаштыруу, энесин ишке орноштуруу тапшырмасы тиешелүү мекемелерге берилген. Үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүлгөн.

Өткөн апта соңунда чаңга оонап, картон кагаз салынып уктап жаткан наристенин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга алынган. Балдарга тиешелүү шарттын жоктугу үчүн бийликтин дарегине сын да айтылган. 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев анын тек-жайын аныктоону жана тиешелүү жардам берүүнү өкмөткө тапшырган болчу. Кыргызстанда бала бакчалардын, үй-бүлөлүк шарттын жоктугунан энеси менен кошо ишинде жүргөн жана каралбай калган балдар көп экенин адистер белгилеп келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG