Рио-де-Жанейродогу Паралимпиаданын жабылыш аземинде кайгылуу окуяда каза тапкан ирандык спортчуну эскеришти. Бахман Голбарнезхад 17-сентябрда жарыш маалында кырсыкка учурап жан берген. Эл аралык Паралимпиада комитетинин төрагасы Филип Крейвен спортчунун аянычтуу өлүмүнөн кийин Паралимпиада кыймылы аза күтүп жатканын белгиледи.
Он бир күнгө созулган мелдештердин жыйынтыгы боюнча эң көп медалды Кытай алды. Кытайлык спортчулар тагынган 239 медалдын 107си алтын. Британия 147 медаль менен экинчи орунду ээледи. Украина 117 медаль утуп, үчүнчү орунга жайгашты. Орусия командасы допинг жаңжалынан улам оюндардан четтетилген.