Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

УКМК Байсаловдун билдирүүсүнө жооп кайтарды


Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Коомдук ишмер Эдил Байсалов атайын кызмат үчүн эч кандай кызыгууну жаратпайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Байсаловдун сөзүн "бай, бирок оорулуу кыял" катары мүнөздөдү. Ошондой эле эгер Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеп турган кезде кандайдыр бир иштеринен корксо, маалымат жыйын кургандын ордунда УКМКга келип, кылганын моюнга алса болорун айтты.

- Өз эрки менен келүү кандайдыр бир жеңилдиктерди берет. УКМК өзүнө тагылган милдеттер менен алектенет жана Байсаловдун мындай албууттанган сөздөрүнө баа берүүгө убактыбыз деле жок.

УКМК Эдил Байсалов суракка чакырылышы мүмкүнбү, жокпу тактаган жок. Ошол эле маалда Fergananews.com сайтында жарыяланган маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.

Аталган агенттик 18-сентябрда өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөнүн, июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек активисттеринин туугандарын Роза Отунбаевага жана Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүп жатканын жазып чыккан. Коопсуздук кызматтын агенттери Өзбекстанга чейин барышып, июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушканын, аларга Роза Отунбаева менен Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу менен чыгуу сунушу берилгенин кабарлаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген Эдил Байсалов бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаев атайын кызматка өзүн камоо тууралуу буйрук бергенин айтып чыккан. Маалымат сайттагы макала боюнча парламенттик комиссия түзүүнү, иликтөө учурунда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылган. (NT)

Байсалов: Мени камоого буйрук берилген
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

XS
SM
MD
LG