Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Түндүк Корея жаңы ракетасынын кыймылдаткычын ийгиликтүү сынаганын жана жаңы спутник учурууга даярданып жатканын билдирди. Бул тууралуу Кореянын расмий борбордук жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы спутникти учурууга болушунча тез даярдык көрүүгө буйрук берген.

Бириккен Улуттар уюму жана Батыш өлкөлөрү расмий Пхеньяндын ракета программаларын жана өзөктүк аракеттерин айыптап, санкциялардан майнап чыкпаганын айтып келет. Ай башында Түндүк Корея алгачкы кубаттуу өзөктүк сыноосун өткөргөн. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG