Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Орусия: Сирияда көтөрүлүшчүлөрдүн чабуулунун мизи кайтарылды


Сирия.
Сирия.

Орусия Сириянын өкмөттүк күчтөрү көтөрүлүшчүлөрдүн Алеппо шаарынын түндүк чекесине жасаган чабуулунун мизин кайтарганын кабарлады. Сириянын армиясын Орусиянын аба күчтөрү колдоп келет.

Орус коргоо министринин айтымында, Аль-Шкейф аймагында шейшембинин таңында орун алган бул кармашта 40 чабуулчу өлтүрүлүп, согуштук техникалар жок кылынды.

Кечээ Сириянын армиясы АКШ жана Орусиянын арачылыгы менен жетишилген ок атышпоо келишими бүткөнүн жарыялаган. Орус армиясы Сириянын өкмөттүк күчтөрү көтөрүлүшчүлөрдүн соккусуна кабылып жатса, бул келишимди аткарууга негиз калбаганын айткан.

Ал тапта АКШнын өкмөтү Алеппонун жанындагы гуманитардык жардам кербенине жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди. Сириялык активисттердин эсеби боюнча, бул окуя кеминде 12 кишинин өмүрүн алды.

БУУ кербенге сокку урулганын тастыктап, учак кимге таандык экени белгисиз экенин билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG