Сербиянын мурдагы жарым аскердик командири Драган Васильевич Хорватияда сотко өзү келди. Ага 1991-95-жылдардагы согуш маалында согуштук кылмыштарды жасаган деп айып тагылууда.
Капитан Драган деген атка конгон бул адам шейшембиде башталган соттук териштирүүдө күнөөсү жоктугун айтты.
Ал 1991-жылы серб көтөрүлүшчүлөрдүн чордонуна айланган Книн аймагында жана 1993-жылы Брускада туткундагы хорватиялык аскерлерди кыйнаган жана өлтүргөн, ошондой эле бир нече айылга чабуулдарды уюштурган деп айыпталган.
Бул айыптар боюнча Драган Васильевичке 20 жылдык абак жазасы берилиши мүмкүн.
Васильевич 2006-жылы Австралияда Даниел Снедден деген ат менен гольф инструктору болуп жүргөндө кармалган.
Экстрадиция боюнча тогуз жылга созулган териштирүүлөрдөн кийин былтыр Хорватияга өткөрүлүп берилген. (KKs)