Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Жерүй алтын кенинен түшкөн акча сарптала баштады


"Жерүй" алтын кен ишканасы.
"Жерүй" алтын кен ишканасы.

Бул жөнүндө облустук жыйында өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди. Анын айтуусунда, "Жерүйдөн" түшкөн акчага быйыл облуста 6 мектеп курулууда, айрым айылдарга 45 млн. сомдук айыл чарба техникалары сатып алынып, 4 МТС ишке кирди. Келген каражатка 11 айыл өкмөт 38 долбоор жазып, каржылана баштады. Жалпысынан 128 млн. сомдук долбоор тендерге коюлду.

Долбоорлор негизинен спорт комплекстер, көпүрө, жол курулуштары.

Таластагы "Жерүй" алтын кенин иштетүү уруксатын Орусиялык "Востокгеолдобыча" ишканасы утуп алып, Таласка "Алтын альянс" ишканасын каттаткан. Аталган компания кен иштетүүгө лицензия үчүн 100 млн. доллар кыргыз өкмөтүнө төлөгөн. Анын 170 млн. сому Талас облусуна, 170 млн. сому Талас районуна, дагы 170 млн. сом кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлүнгөн деп билдирди облус башчысы.(SS)

XS
SM
MD
LG