Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Коррупциялык кылмыш тууралуу билдиргендерди коргоо сунушталууда


Жогорку Кеӊеште “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аны депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Жаныбек Бакчиев, Дастан Бекешев, Алтынай Өмүрбекова, Исхак Масалиев сунуштаган. Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет. Ошол эле маалда бул сумма 1 миллион сомдон ашпоого тийиш. Мындан тышкары кабар берген адамды үч жылга чейин иштен бошотууга же башка кызматка которууга жол берилбейт:

-Маалымат берген адам жетиштүү далилдерди келтирүүгө тийиш. Эгер жалган маалымат берсе, ал адамга да жаза каралган.

Мыйзамда коррупциялык укук бузуулардын бетин ачуу, жемкордук тууралуу кабарлаган жактарды коргоо, коррупцияга каршы турууга коомчулукту тартуу жолдору жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG