Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу маалымат берет


Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште маалымат берет. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ага министрлер кабинети толук курамда катышат. Анда чет жердеги эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол коопсуздугу, автокырсыктарды алдын алуу, чек ара боюнча маселелер көтөрүлөт. Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аракеттери маалымдалат.

"Коопсуз шаар" долбоору 5 жылдан бери ишке ашпай турат. 2011-жылы тендерде кытайлык компания утуп алып, бирок анын жыйынтыгы кайра жокко чыгарылган.

Былтыр Орусиянын "Стилсофт" компаниясы жеңүүчү деп жарыяланган. Учурда аталган компаниянын башка фирмалар менен соттук териштирүүлөрүнө чекит коюла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG