Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Ак үй Сириядагы гуманитардык кербендин бомбаланышы үчүн Орусияны айыптады


Гуманитардык колонна чабуулдан кийин.
Гуманитардык колонна чабуулдан кийин.

Ак үй Сириядагы гуманитардык кербенди бомбалоо үчүн Орусияны айыптады. Бери дегенде 20 кишинин өмүрүн алып кетип, ок атышпоо келишимин үзгүлтүккө учураткан кандуу окуядан кийин Улуттар Уюму касташкан тараптардын курчоосунда калган элге гуманитардык жардам жөнөтүүнү убактылуу токтотту.

20-сентябрда АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родес "Ал үчүн Сирия режими же Орусия өкмөтү гана жооптуу болушу мүмкүн" деп кесе айтты.

Маалымат агенттиктери анын “Кандай болбосун, биз ал аба мейкиндиктеги соккулар үчүн жоопкерчиликти Орусия өкмөтүнө жүктөйбүз”, - деген сөздөрүн да келтиришет.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын трибунасынан 19-сентябрдагы бомбалоонун артында тургандарды “коркоктор” деп атады.

Сириянын Кызыл Ай уюму Алепподогу гуманитардык иштерин нааразылык иретинде үч күнгө токтото турууну чечти. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо дооматтарды четке кагып, машиналарды өрт чалганын айтты жана сокку "Ал-Нусра" фронтунун согушкерлери же Сириянын жарандык коргонуу кошуундарынын колунан келген болушу мүмкүн экенин кыйытты.

XS
SM
MD
LG