Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Белград Босния-Герцеговинадагы сербдерди коргорун эскертти


Сербия.
Сербия.

Белград Босния-Герцеговинадагы сербдерге чабуул жасалса, аларды токтоосуз коргого аларын эскертти. Борбордук бийликтин каршылыгына карабай, Босния-Герцоговинанын курамындагы Српска Республика референдум өткөрүүгө камданып, кырдаал курчуду.

Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич шейшембиде жасаган билдирүүдө Српска Республикага каршы «аскердик чабуулга» жол берилбейт деп белгиледи.

Анын алдында Босния армиясынын согуш маалындагы кол башчысы Сафер Халилович Белграддын колдоосу болбосо, Српска Республиканын күчтөрү Босниянын федералдык армиясына эки жума гана туруштук бере алат деген эле. Белгилей кетчү нерсе, Халилович ушу тапта эч кандай расмий кызматты ээлебейт. Дачич анын комментарийлери «чөлкөмдөгү бейпилдикке жана стабилдүүлүккө чоң коркунуч жаратарын» айтты.

25-сентябрга белгиленген референдумга Српска Республика улуттук күнүн 9-январда майрамдасын деген маселе коюлуда. Ал күнү 1992-жылы жергиликтүү сербдер Босниядан бөлүнүүнү жарыялаган болчу. Ошондон көп узабай 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган, миллиондогон адамдарды үй-жайсыз калтырган 3 жылдык согуш тутанган.

Босния-Герцеговинанын Конституциялык соту майрам калган улуттарды дискриминациялоо болуп эсептелерин айтып, референдум мыйзамсыз деген чечимин чыгарган.

1995-жылы АКШ арачылык кылган тынчтык макулдашуусуна ылайык, Босния-Герцеговина эки субъектиге бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG