Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Жол эрежесин бузгандарга айыппулдун өлчөмү жогорулайт


Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку учурда жол кырсыктарынын тынымсыз катталып жатышына байланыштуу эреже бузгандарга айыппулду көтөрүү мерчемделүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору жакын арада эл өкүлдөрүнүн кароосуна жиберилет. Өкмөт башчы белгилегендей, жол кырсыктарына эреже бузуу, катуу ылдамдык, кайдыгерлик себеп болууда.

Статистика боюнча, быйылкы жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 3667 жол кырсыгы орун алып, 567 адамдын өмүрү кыйылды. Беш миңден ашуун адам түрдүү жаракат алды.

XS
SM
MD
LG