Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Түндүк Кореяда болгону 28 сайт бар экени кабарланды


Түндүк кореялыктар негизги маалыматты телекөрсөтүүдөн гана алышат.
Түндүк кореялыктар негизги маалыматты телекөрсөтүүдөн гана алышат.

Бул маалыматты GitHub порталында система инженери Мэтт Брайан жарыялады. Анда айтылгандай, 21-сентябрда кыска аралыкта Түндүк Кореянын .kp. домениндеги сайттар ачыкка чыгып калган. Брайан сайттар техникалык каталыктан улам көрүнүп калган болушу мүмкүн деп боолголойт. .kp. домениндеги сайттар негизинен мамлекеттик органдарга, расмий маалымат каражаттарына таандык. Ошондой эле Air Koryo авиакомпаниясынын да жеке сайты бар экени анык болду.

Түндүк Кореялык порталдар 2010-жылдан бери башка аймактарда ачылбайт. Ал эми өлкөнүн өзүндө интернетке расмий уруксаты бар аз гана мамлекеттик органдар кире алышат. Ошондой эле Түндүк Кореяда Кванмён деп аталган социалдык тармак бар, анда негизинен идеологиялык жана илимий материалдар гана жарыяланат.

XS
SM
MD
LG