Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Сириянын Алеппо жана Хама шаарларында кайрадан уруштар уланууда


Алепподо кайрадан уруштар жанданууда.
Алепподо кайрадан уруштар жанданууда.

Алеппо жана Хама шаарларында көтөрүлүшчүлөр менен Башар Асадга баш ийген күчтөр ортосунда уруштар уланууда. Аба чабуулдарынын кесепетинен ондогон адам өлдү, алардын арасында төрт медицина кызматкери да бар.

Шаршембиге караган түнү согуштук аракеттер Алеппо шаарына барчу жолду көзөмөлдөгөн аймакта, көтөрүлүшчүлөр кармап турган жана өкмөттүк күчтөр курчоого алган райондордо болду. Асаддын аскерлери орус аскердик аба күчтөрүнө жана Ирандан келген кошуундарга таянууда.

Сириянын мамлекеттик маалымдоо каражаттары билдиргендей, армия Рамуаш районундагы жер семирткичтер заводун кайра тартып алды. Адам укуктары боюнча сириялык мониторинг тобу кол салуу болгонун тастыктап, өкмөттүк күчтөр эл жашаган комплекске басым көрсөтүүнү күчөткөнүн билдирди.

Дүйшөмбүдө гуманитардык колоннага сокку урулгандан кийин согуш кайра жанданган. АКШ бул орус учактарынын жардамы менен жүзөгө ашты деген пикирде. Москва авиасоккуга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Буга карабай, Кошмо Штаттар ок атышпоо боюнча Орусия менен биргеликте жетишилген келишим күчүндө экенин ырастоодо.

XS
SM
MD
LG