Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

ИИМ: Интерпол Батыровду издөөдөн баш тарткан


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кадыржан Батыров оор кылмыштарга айыпталып эл аралык издөөгө алынган. 2010, 2012-жылы Интерполго бул багытта өтүнүч жиберилген. Бирок, Интерпол издөө саясий мүнөздө деген негиз менен Батыровду кармоодон баш тарткан.

Данияр Абдыкаровдун билдиришинче, Батыровго Орусияда да алдамчылык боюнча издөө салынган. Ал эми Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова Батыровду экстрадициялоо боюнча Швецияга өтүнүч жиберилгенин, анткен менен алардан да оң жооп келбегенин кабарлады.

Жогорку Кеңеш комитети Кадыржан Батыровдун 22-сентябрда Варшавадагы ЕККУ жыйынында айткан сөздөрүн талкуулап жатат. Жыйынга Тышкы иштер министрлиги, УКМК, Бышкы прокуратура, ИИМ өкүлдөрү чакырылган.

Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Кыргызстанда оор кылмыштарга айыпталган адамга аянтча түзүп бергенине каршылык билдирди. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG