Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Ооган өкмөтү Хекматиярдын тобу менен келишимге кол койду


Кабул
Кабул

Ооган өкмөтү талаа командири Гүлбиддин Хекматиярдын "Хезб и-Ислами" тобу менен тынчтык келишимине кол койду. Бүгүн Кабулда кабыл алынган келишим президент Ашраф Гани жактыргандан кийин гана күчүнө кирет.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашынча, Хекматиярга мурдагы кылмыштары үчүн мунапыс берүү, ал жетектеген топтун камактагы мүчөлөрүн бошотуу каралууда. Мындан тышкары өкмөт Хекматиярга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын жоюлушуна да жооптуу болот.

Хекматияр 1990-жылдары өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн айыпталган.

Расмий Кабул "Хезб и-Ислами" менен тил табышуу аркылуу талибдерди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууга үмүттөнөт. (RK)

XS
SM
MD
LG