Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

АКШ менен Орусия Сирия боюнча бири-бирин айыптоодо


Сирия, Алеппо
Сирия, Алеппо

АКШ менен Орусия Сирияда гуманитардык кербенге жасалган кол салуу үчүн бири-бирин айыптоодо. Бул айыптоолор Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Сириянын айрым райондорунда учактарга тыюу салынган өзүнчө аймактарды түзүү чакырыктарынын фонунда жасалууда.

19-сентябрда Ак үй Москваны Сириянын борбору Алепподо курчоодо жаткан жай тургундарга ташылып бараткан гуманитардык жардамга жасалган чабуул үчүн ачык айыптап чыкты. Ал кол салуудан ондогон адам набыт болуп, гумжардам жок кылынган.

Американын расмий адамдары чабуул жасалган маалда ал аймакта Орусиянын эки Су-24 аскерий учагы учуп жүргөнүн айтууда. Москва бул айыптоону четке кагып, тескеричинче, америкалык учактар жүргөн деп билдирип жатат.

Бириккен Улуттар Уюму кайрадан гуманитардык жардам жеткирүүгө даяр экенин шаршембинин кечинде билдирди. Бирок анын коопсуздугу үчүн эч бир тарап кепил болуп бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG