Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:28

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында Кадыржан Батыровдун ЕККУ жыйынында айткандары талкууланган жок. Спикер Чыныбай Турсунбеков бул маселе кийинкиге калтырылганын билдирди. Анын айтымында, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Варшавадагы ЕККУ жыйынына катышып жаткан кыргызстандык делегация келгенден кийин корутунду берет. Андан кийин парламенттин жалпы жыйынына сунуштайт.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 22-cентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. Кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. Отурумдан тартылып алынган видеодо Батыровдун жанында кыргызстандык укук коргоочу, “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова отуруп, анын айткандарына баш ийкеп жатканы көрсөтүлгөн. Кыргызстан Батыровдун айткандарын четке кагып, жүздөгөн адамдын канына забын болгон, күнөөлүү деп табылган адамга ЕККУнун аянтча түзүп бергенине нааразы болууда. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG