Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Аталган компания мал-жандыкты идентификациялоо боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өткөрүп жаткан тендер бир нече ирет үзгүлтүккө учураганын белгилеп, аны териштирүүнү Башкы прокуратурадан суроодо. Бул тууралуу компаниянын юристи Асаналиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, тендерди биринчи жолу ветеринардык инспекцияга өткөрүп берүү боюнча өкмөт токтому күчүнө кире электигине байланыштуу токтотушкан. Экинчи жолу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясындагы тендер комиссиясынын жыйынтыгын мамлекеттик сатып алуулар департаменти жокко чыгарган.

"Аватар Иншаат" компания өкүлүнүн ырасташынча, аталган инспекция үчүнчү ирет мурдагы компанияны жеңүүчү деп табууга аракет кылып, тендердин эрежелерин өзгөртүүдө. "Аватар Иншаат" компаниясы ушундан улам Башкы прокуратурадан тендердин өткөрүлүшүн иликтөөгө алуусун өтүнгөн.

Компаниянын дооматы боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Мал-жандыкты идентификациялоо үчүн жандыктардын кулагына тагылуучу бирка даярдоо боюнча тендер быйыл 17-мартта, 26-апрелде жарыяланып, бирок токтотулган. Акыркы жолу тендер 5-августта жарыяланды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG