Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Махмуд Аббас Палестин жерлерине жөөт айылдарын курууну токтотууга чакырды


Махмуд Аббас
Махмуд Аббас

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Палестинде жөөт кыштактарын курууга тыюу салууну суранды. Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында бейшемби күнү сүйлөгөн Аббас бул боюнча резолюцияны жакында сунуштарын маалымдады.

Ал ошондой эле 2017-жылды “Израил тарабынан Палестин жерлерин басып алууну токтотуунун эл аралык жылы” деп жарыялоону да сунуштады.

Буга жооп катары Израил өкмөт башчысы Бинямин Нитаняху Аббасты Израил парламентинде баяндама жасоого чакырды жана сүйлөшүүлөрдү кыска аралыкта жандантууга макулдугун билдирди.

2012-жылы Палестин БУУда байкоочу мамлекет макамын алган. Факт жүзүндө Палестин мамлекети жок. БУУ Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги аймактарды Израил басып алган жерлер катары кабыл алат.

XS
SM
MD
LG