Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

“Азаттыктын” кабарчысы “Кыргыз тили” төш белгисин алды


“Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин алды. Журналист кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Улан Эгизбаев журналисттик ишмердиктен тышкары 2014-жылы “Фейсбукта” “Кыпкыргызча” деп аталган тайпаны негиздеген. Азыр аны 17 миңден ашуун адам колдонот. Аталган тайпада унутулуп бараткан кыргызча сөздөр жайылтылып, чет тилдердин котормолору талкууланат жана туура котормолор тандалат.

Андан тышкары, "Кыпкыргызча" деген коомдук фонду да бар.

XS
SM
MD
LG