Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

ЕККУнун 20-сентябрдагы жыйынына ТИМ өкүлдөрү гана катышкан


Кадыржан Батыров ЕККУ жыйынында.
Кадыржан Батыров ЕККУ жыйынында.

Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышова укук коргоочу Азиза Абдурасулованын соцтармактагы сөзүнө жооп берди.

ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, А. Абдырасулованын ЕККУ жыйынында Кыргызстандан барган расмий делегация укук коргоочуларды айыптады деген жүйөөсү негизсиз. Ошондой эле 20-сентябрдагы ЕККУ жыйынына кыргызстандык расмий делегациянын катарында ИИМдин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү катышты деген сөзү да чындыкка коошпойт, алар 21-сентябрдагы жыйынга гана катышкан.

Ал эми ЕККУ жыйынына катышуучулардын алдын ала тизмесинде Кадыржан Батыров жок болуп, бирок анын сөз сүйлөгөнү кыргызстандык делегациянын нааразылыгын жараткан. Кыргызстанда кылмышкер деп таанылган Батыровго ЕККУнун жыйынында сөз берилгенине Бишкектен барган расмий делегация уюштуруучуларга нааразылык билдирген.

20-сентябрда Варшавада ЕККУнун жыйынында Кыргызстанда июнь окуясынын негизги уюштуруучусу катары кылмышкер деп таанылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров сөз сүйлөп, өлкөдөгү саясий окуяларга карата өз пикирин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG