Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ИИМ: Жунушалиев кызматынан кеткен жок


Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматынан кетти деген маалыматтар айың кеп. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сеитов белгилегендей, Кашкар Жунушалиев учурда ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүрүп жаткан бардык алгылыктуу иштерди жана багыттарды толугу менен колдойт жана аны ишке ашырууну, аягына чыгарууну колго алууну министр катары негизги максаты деп эсептейт. Ошондой эле министр Жунушалиевди учурда өздүк курам толугу менен колдойт жана ал жүргүзүп жаткан реформалар өз жемишин берет деген терең ишеничте. “Ал эч качан саясатка киришкен эмес, саясий интригалардан алыс жана бир дагы саясий партиялардын жеке кызыкчылыгын көздөбөйт. Өз ишинин кесипкөй адиси, милициянын ички жана тышкы дүйнөсүн таасын айрый билген министр катарында эң биринчи милдети жана парзы - республикабызда жашаган бардык адамдардын эркиндигин жана укугугун коргоодо, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөштө күжүрмөн даярдыкта дайыма даяр турган милициянын патриот жоокери жана башчысы катарында кызматын өтөп келет” деп айтылат маалыматта.(ZKo)

XS
SM
MD
LG