Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети түзүлдү


Камактагы оппозиция.
Камактагы оппозиция.

Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Улукбек Маматаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, анын курамына Марс Кадыров, Талайбек Мадаминов, Зулфия Марат, Арстан Талгарбеков, Руслан Султанов, Улан Колубаев, Сапар Аргымбаев кирди. Алар абактагылар саясий жүйө менен кармалган деп эсептейт. Ошондой эле оппозициячылардын айыбы болсо ачык айтып териштирүүнү талап кылышууда. Комитет өкүлдөрү соттун жабык өтүшүнө камакка алынгандарга карата далилдердин жетишсиздиги себеп деген пикирде.

"Бийлик, аудио жазуулардын негизинде булардын күнөөлүү экенине коомчулукту ишендирүүгө умтулууда. Бирок, тергөө жана соттук иш-аракеттердин жүрүшүндө алардын кылмышын ырастаган кандайдыр бир негиздүү далилдер келтирилген эмес", - деп айтылат комитет тараткан кайрылууда.

Камактагылардын жакындары буга чейин митингге чыгышып, сотту ачык өткөрүү жана ишти карап жаткан судья Абдыразак Боромбаевге ишеним көрсөтпөө талабын коюшкан. Сот бул сунушту канааттандырган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG