Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Бишкекте көп балалуу аялдарга “Баатыр Эне” сыйлыгы тапшырылды


Свердлов районундагы жети энеге “Баатыр Эне” ордени, ал эми алты балалуу беш аялга “Эне даңкы” медалы тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине райондук акимчиликтин башчысы Самарбек Болотбеков жана шаар мэриясынан өкүлдөр катышты.

Кыргызстанда "Баатыр эне" наамы менен “Баатыр эне” орденинин статусуна ылайык, жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер сыйланышат. Ал эми балдарынын бири оор кылмыштар менен соттолгон учурда наам берилбейт.

Быйыл май айындагы Энелер күнүндө мамлекет башчы 1902 энеге «Баатыр эне» жана 437 энеге «Эне даңкы» медалын ыйгарган.

Өткөн жылы 3 654 аялга “Баатыр эне” ордени берилген. Ал эми 578 аял “Эне даңкы” медалына ээ болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG