Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Ливияда голландиялык журналист өлтүрүлдү


Ливия.
Ливия.

Фотокабарчы Йероен Орлеманс Ливиянын Сирт шаарында көзгө атардын огунан набыт болгон. Ал кызматташкан Бельгиянын Knack журналынын маалыматы боюнча, журналист иш үстүндө курман болду. Орлеманс качан өлгөнү так белгисиз.

Орлеманс өкмөттүк аскерлердин “ИМ” тобуна каршы күрөшүн чагылдырып жүргөн. Ливиядагы Голландия элчиси Эрик Страинг Twitter’деги баракчасына “Жаткан жериң жайлуу болсун. Сенин Сирт жана Ливия тууралуу сүрөттөрүң түбөлүк жашайт” деп жазды.

Йероен Орлеманс 2012-жылы британиялык Жон Кантли менен кошо Сирияда туткундалып, бир жумадан кийин бошотулган.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG