Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

“Дельфин” бассейнинин жетекчилигине кылмыш иши козголду


Generic – Business Man Displaying a Spread of Cash over a green vintage.
Generic – Business Man Displaying a Spread of Cash over a green vintage.

Бишкектеги “Дельфин” бассейнинин жетекчилиги оңдоо иштерин мыйзам бузуу менен өткөрүп жаткандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, мекеменин жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн.

Маалыматта камтылгандай, “Дельфин” сууда сүзүү бассейнинде капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн “К.К” ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Бирок ал “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарына жооп бербегине байланыштуу жокко чыгарылууга тийиш эле. Ошол эле кезде оңдоо иштерин арзан баада жүргүзүүгү макул болгон компаниялардын сунушу четке кагылган. Учурда факты боюнча тергөө иштери башталды. (SDz)

XS
SM
MD
LG