Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Атамбаев жылуу сөздөргө ыраазылык билдирди


Президент Атамбаев 1-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.
Президент Атамбаев 1-октябрда Кыргызстанга кайтып келди.

“Жүрөгүмдүн капыстан ооруп калышынан улам күтүүсүз башка түшкөн кыйын кырдаалда мени жана менин үй-бүлөмдү колдогондордун баарына чын дилимден ыраазычылык билдирем”, – деп билдирди өзүнүн кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев.

Ал айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар анын чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат экенин белгилеп, күтүүсүз келген сыркоону жеңүүгө күч-кубат бергенин кошумчалады.

Мамлекет башчы 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган, Нью-Йоркко иш сапарын токтоткон. Атамбаев 20-сентябрдан 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүн алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG