Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Жашы жете электерге нике кыюуга катышкандар жоопко тартылат


Кыргызстандагы үйлөнүү тойлор.
Кыргызстандагы үйлөнүү тойлор.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды.

Долбоорго ылайык, жашы жете электерге нике кыюуга уруксат берген жана катышкан адамдар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Комитет мүчөлөрү бул мыйзамды үчүнчү окууга жалпы жыйынга алып чыгууну колдошту.

Эрте нике кыюуга тыюу салуу үчүн Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизүүнү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунуштаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG