Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Орусияда украиналык журналист тыңчылык боюнча айыпталып кармалды


Федералдык коопсуздук кызматынын 3-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, украиналык Роман Сушенко 30-сентябрда Москвада кармалды.

Ал Украинанын аскерий чалгын кызматынын полковниги деп аталып, Орусиянын Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясы тууралуу маалымат топтоп жүргөн деп айыпталууда.

Сушенко Москванын райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Украинформ маалымат агенттиги Сушенко Москвада эс алууда жүргөн деп, камакка алууну орус тараптын Украина жарандарына карата мыйзамсыз аракетинин бири катары баалады. Украинанын Тышкы иштер министрлиги да Украина жарандарынын укугун сыйлап, аны тез арада бошотууну талап кылды. Орусиянын тышкы иштер министрлиги өз кезегинде Сушенко Орусияда Украина журналисти катары аккредитациядан өтпөгөнүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG